1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Экономика-юридикалык колледж
  4. Жаңылыктар

3 месяца назад

171

ЭЮКта коррупцияны алдын алуу иш чарасы

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун экономика-юридикалык колледжинин коррупциянын алдын алуу жана ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш чараны ЭЮКтун директору э.и.д., профессор Карбекова А.Б.  ачып берип, иш чаранын максатын айтты жана келген конок менен тааныштырды.  Бул иш чарага Жалал-Абад областтык прокуратурасынын мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө жана коррупцияга каршы аракеттенүү бөлүмүнүн орун басары Дегенбаев Айдин Талайбекович катышты. Айдин Талайбекович профессордук-окутуучулук жамаатка жана студенттерге коррупцияга каршы күрөшүү мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрүн , статистикалык маалыматтар, коррупциянын алдын алуу чаралары  жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Иш чаранын аягында катышуучулар коррупция боюнча  суроолорду берип келген коноктон  канаттандыраарлык жооп ала алышты. ЭЮКтун профессордук-окутуучулук жамааты жана студенттери Дегенбаев Айдин Талайбековичке ыраазычылык билдиришти.