1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Медициналык колледжи
  4. Жаңылыктар

1 неделю назад

15

ЭНЕ ТИЛ-МУУНДАН МУУНГА ӨТКӨН МУРАС

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун “илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин” Медициналык колледжинде 24-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата “Элим барда сен да барсын эне тил!” деп аталган темада иш-чара болуп өттү. Иш-чарага 1-курстун студенттери активдүү катышышты. Тил жөнүндөгү декламация, көркөм окуулар, ыр, бий, сахналык көрүнүш кеченин көркүн ачты. Айрыкча ЛД-1-24 тайпасынын студенти Кадырбекова Үмүтайдын көркөм окуусу, Манас айтуу, ЛД-1-25 тайпасынын студенттери тарабынан даярдалган сахналык көрүнүш жана Абдыгапарова Бегимайдын аткаруусундагы “Мекеним Кыргызстан” ж.б. ырлар көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурду. Мамлекеттик тил күнүнө карата даярдалган иш-чара жогорку деңгээлде өткөрүлдү.