Кийилбеген жараксыз кийимдерден жаңы образ жаратуу

Жалал-Абад колледжинин тигүү буюмдарын консрукциялоо ПЦКсында «Модельер-конструктор» адистигинде окуган 3-курс студенттери үчүн практикалык мастер-класс уюштурулду.
Иш-чара ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжинин «Модельер-конструктор» адистигинин окутуучусу Молдокулова Элина Ашимбековнанын катышуусунда ИПКнын окуу-өндүрүштүк комплексинде өткөрүлдү.
Мастер-класстын негизги темасы — “Жеңил өнөр жайындагы калдыксыз технологиялар” жана “Кийилбеген жараксыз кийимдерден жаңы образ жаратуу” болду.
Иш-чаранын жүрүшүндө ЖАКтын окутуучулары Мамажунусова Н.С. жана Абдуманап кызы Дамира студенттер менен биргеликте жараксыз кийимдерди кайра иштетип, заманбап стилде жаңы образдарды түзүү ыкмаларын көрсөтүштү.
Мастер-класс чыгармачыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө, экологиялык жоопкерчиликти калыптандырууга жана “reuse” концепциясын өнүктүрүүгө багытталды. Студенттер өз колу менен эски кийимдерди кайра иштеп, заманбап дизайнга айландыруунун практикалык көндүмдөрүнө ээ болушту.