1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. ПЦК «Тикиш буюмдарын конструирование»
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

31

Алдынкы тажрыйба борбору-Жалал-Абад колледжинде Саркеч-2025 аттуу конкурсу өттү.

      Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин  Тигүү буюмдарын конструкциялоо ПЦКсынын  Модельер конструктор адистиги боюнча 1.2курстар арасында Саркеч-2025 аттуу конкурсу өттү.

КМТШИ-2-24,КМТШИ-3-24.КМТШИ-01-24,КМТШИ-2-23 жана КМТШИ-3-23тайпалары катышты.

       Конкурстун  программасы  боюнча:

1   Студенттердин өздөрүнүн идеялары менен тандалып,тигилген коллекциялар мода көргөзмөсүнө Подиум показ менен чыгышты.

2.  Жаңы идея менен салат жасоодо студенттер өздөрүнүн шамдагайлыгын жана жасоо техникаларын көрсөтө алышты.

3. Студенттердин аткаруусундагы эркин темага,ар бир команда чыгармачылык менен аткарышты.Конкурска калыстар тобуна К.Ш.Токтомаматов атындагы ЭАУнун модельер конструктор адистигинин окутуучулары  Абдыллазова Н.У жана Нуркулова А, иш берүүчүлөр Бегай тигүү цехинин башчысы Кулбекова Бегай жана Нигора тигүу цехинин башчысы Туробекова Нигоралар катышышты.

Конкурска катышкан тайпалардын ичинен:

КМТШИ-2-23 тайпасы  миллиондогон идеялар  коллекциясы менен 1 орунга, КМТШИ-3-23 тайпасы Ак саамай коллекциясы менен 2 - орунга жана КМТШИ-01-24 тайпасы, Түстүү гүлдөр коллекциясы менен 3 орунга ээ болушту.

     Аткаруу чеберчиликтерине  карап номинациялар да берилди.Мыкты кулинар номинациясы менен КМТШИ-2-24 тайпасы , Мыкты бийчи номинациясы менен КМТШИ-3-23 тайпасы жана Мыкты аткаруучу номинациясы менен  КМТШИ-01-24 тайпасы Грамота менен сыйланышты.

Мындай конкурстар келечектеги модельер -конструкторлордун  кесипке кызыгуусун арттырып, мыкты адис болушуна өбөлгө түзмөкчү.