Жалал-Абад колледжинин жалпы билим берүү ПЦКсында ачык сабактарды өтүү уланууда

Жалпы билим берүү ПЦКсынын окутуучулары белгиленген график боюнча бардыгы ачык жана көрсөтмөлүү сабактарды өтүштү. Негизинен окутуучулардын жеке демилгелери, студенттер үчүн түзүлгөн тапшырмалар, студенттердин сабак учурундагы жумушчу дептерлер менен иштөөсү, пайдаланылган интерактивдүү усулдары катышкан окутуучуларды кайдыгер калтырган жок. Өтүлгөн ачык сабактардын ичинен төмөнкү окутуучулардын ачык сабактары жогорку деңгээлде болду. Өткөрүлгөн сабактарга жаш окутуучулар, атайын бөлүнгөн жетекчилер ж.б. окутуучулар катышып, өз ой пикирлерин айтышты.
1.Эсенкулова Н.Б. БАСк-2-24 тайпасына биология предмети сабактын темасы: “Түр. Түрдүн критерийлери”
2.Нурмаматова Ш. БАСк-3-24 тайпасына кыргыз адабияты сабактын темасы: Ч.Айтматов дун белгилүү “Кыямат” романы
3.Нарматова Ж. ПОВТАСк-5-24 тайпасына кыргыз адабияты педмети сабактын темасы: “Тоолор кулаганда”
4. Исаков Б КМТШИк-3-24 Адам жана коом предмети сабактын темасы “Медиа сабаттуулук жана маалыматтык коопсуздук”
5. Дубанаев К ТОиРАТк-2-24 тайпасына кыргыз адабият предмети сабактын темасы: Т.Касымбеков “Сынган кылыч” романы
ЖАКтагы ачык жана көрсөтмөлүү сабактарга берилүүчү анализ GOOGLE дискте иштелип чыгып, сабакка катышкан окутуучулар толтурушат. Сабактардын жыйынтыгы ар бир критерий боюнча чыгарылат.