Улут болсом-тилим менен улутмун
Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу, Бириккен Улуттар Уюмунун жана ЮНЕСКОнун чечеиминин негизинде кыргызстанда жашаган бардык улуттардын эне тилдерин натыйжалуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында КРдин ББИМинин 2021-жылдын 15-февралындагы №133/1 буйругуна ылайык, 21-февраль – Бүткүл дүйнөлүк эне тилдин Эл аралык күнүнө карата. Жалал-Абад колледжинде «Улут болсом-тилим менен улутмун» деген темада
ПОВТАС-5-23 тайпасынын куратору Калчакеева А.К. АТб-2-23 тайпасынын куратору Өмүралиева.М.И. АТк-5-23 Куратору Байышбек кызы Аида эжекелер тарбиялык саат өтүштү. Ага ЖАМУнун профессору малекеттик тил бөлүмүнун башчысы Калчакеев К.Б. жана Гуманитардык илимдер ПЦКсынын окутуучулар жааматы катышты.
Максаты:
–Студенттерди өз эли-жерин, эне тилибиз мамлекеттик тилди, ата-бабадан калган улуу мурастарды урматтап аздектөөсүүнүн түрдүү булактардан маалыматтарды берүү;
– Мекен алдындагы алардын жоопкерчилигин арттыруу, атуулдук парзын аткаруу, ата мурастарын сактоо зарылдыгын туюндуруу, эне тилин сүйүүгө, сактоого умтулуу;
– Патриоттукка, намыскөйлүккө, ынтымак-достукка ж.б. тарбиялоо.