1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Жалал-Абад колледжи
  4. Жалал-Абад колледжинин окуу иштери боюнча директордун орун басары

Жалал-Абад колледжинин окуу иштери боюнча директордун орун басары

Абубакир

Окуу иштери боюнча директордун орун басары

Телефон:

702 749 444

Туулган күн:

June 24, 1988

Каттоо:

30.11.2023

Акыркы сапар:

1 месяц назад

Окуу процессинин сапатын жогорулатуу кадамдары:

Окуу процессин КРнын тиешелүү мыйзам ченемдик актыларынын негизинде жүргүзүлүүсүн камсыздоо;

Окутууну копетенттүүлүккө негиздеп уюштуруу,окутуунун күтүлүүчү натыйжаларын иштеп чыгуу;

Окуу процессинин үзгүлтүксүздүгүн, ачыктыгын, жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;

ЖАКтын администрациясы тарабынан сабактардын сапаттуу, студенттердин муктаждыгына карата өтүлүшүн камсыздоо;

Өз ара сабакка катышууну күчөтүү;

Ар бир семестр бүткөн сайын мониторинг алуу, ал аркылуу тиешелүү жыйынтыктарды чыгаруу;

Окутуучунун квалификациясын жогорулатууга шарт түзүү, методикалык жардам берүү;

Студенттер менен ангемелешип, анкета алып, жетишпеген жагыбызды аныктап талдоо жүргүзүү.

Окуу процесси

Окуу процессин уюштурууда түрдүү нормативдик-укуктук документтерге таянуу менен иш алып барылат. Учурда окуу процессинин бардыгы AVN программасына киргизилип, студент 1-курска киргенден баштап, бүткөнгө чейинки кыймылы электрондук түрдө даярдалат. Өзгөчө модулдар, экзамендер компьютердик тестирлөө менен алынып, коррупцияга жол берилбейт. Студенттердин ой пикири боюнча компьютердик тестирлөө объективдүү боло тургандыгы белгилүү болду. Окутуучулар окутуунун жаңы технологияларын колдонушуп, студент үчүн жагымдуу чөйрө түзүүгө аракеттенишет. Студенттер үчүн силлабустар, ОМКлар AVN программасына жүктөлүп жана “КЕЛБИЛ” мобилдик тиркемеде иштейт. Модуль, экзаменде алган баллдарын ошол замат көрө алышат.