1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Табигый-техникалык факультети
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

10 месяцев назад

175

1

“Практикага жөнөтүү конференциясы”

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун, табигый-техникалык факультетинин, табигый-илимий билим берүү кафедрасынын ТИББ(б)маг-1-23 жана ТИББ(х)маг-1-23 тайпасынын магистранттары окуу процессинин графигине ылайык 2 жумалык башкаруу практикасына ал эми ТИББ(б)маг-1-22 тайпасынын магистранттары 5 жумалык илимий-изилдөө практикасына жиберилди. Конференцияга карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн адиси Н. Жолдошалиева жана магистранттардын илимий жетекчилери катышты.

Конференцияда магистранттар бөлүнгөн мектептер, практика учурунда магистранттар тарабынан аткарылуучу иштер жана практиканын жол картасы, практиканын аягында тапшырылуучу отчеттор менен тааныштырылды. Практика бул окуу процессинин негизги ажырагыс бөлүгү жана теорияны практика менен байланыштыруу абадан зарыл жана бул нерсени жаш илим-изилдөөчүлөр колго алуусу абдан зарыл.