1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Табигый-техникалык факультети
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

10 месяцев назад

101

1

 “Март айы-майрамдардын керемети”  

       Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун, табигый-теникалык факультетинин, табигый илимий билим берүү кафедрасында 2024-жылдын 6-мартында кафедра тарабынан    3- март “Туу күнү”, 5 – март “Ак калпак” жана 8-март “Аялдардын Эл аралык майрамы” күнүнө карата   Март айы-майрамдардын керемети аталыштагы  иш чара болуп өттү -  деп билдирди аталган кафедранын  башчысы а-ч.и.к. доцент Б.Ж. Жээнбекова.

Анын айтымында өткөрүлгөн иш чарага факультеттин  бардык профессордук-окутуучулук курамы, студенттер жана декандын орун басары Э. М. Масиркулов катышты. Кафедранын биология, география жана химия адистигинин студенттери катышып, окуялар сахналаштырылып, чакан концерттик программаларды тартуулашты. Иш чаранын максаты – жаш  муунду мекенибиздин символикаларын  бекем сактоого, улуттук баш кийимибизди барктоого жана асыл энелердин эмгегин баалоого үндөө. Бул иш чара  улук окутуучу Алтынанай Болотованын жана кафедранын окутуучулар жамааты менен биргеликте уюштуруусу менен өткөрүлдү” -дейт ал.    

Жадыраган жазды коштой кирип келген 8-март - Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилибизден куттуктайбыз! Жашообузду көрккө бөлөп, ар бир үй-бүлөнүн куту болгон аялзатына канчалык урмат көрсөтүп, таазим этсек дагы аздык кылат. Эне мээрими, сабырдуулугу жана айкөлдүгү ар бирибиздин жүрөгүбүздөн жылуу түнөк таап, демибизге дем, күчүбүзгө күч кошуп, шыктандырып турат. Айымдар-биздин сыймыгыбыз, улутубуздун көөнөрбөс кенчи дейт кафедранын улук окутуучусу А.С.Болотова