"Илим — окуу булагы, билим — өмүр чырагы."
2024-жылдын 7-мартында табигый-техникалык факультетинин, табигый илимий билим берүү кафедрасында биология, география жана химия адистиги боюнча “кесиптик” жана “кесиптик эмес” факультеттик деңгээлде олимпиада болуп өттү.
Бул турда мыктылардын мыктысы тандалып, олимпиаданын жыйынтыгы чыгарылды жана жеңүүчүлөргө дипломдор ыйгарылды. Ал эми бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирилип, университеттик деңгээлде уюштурулуп жаткан турга эң жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөткөн гана студенттер сунушталды дейт аталган кафедранын кафедра башчысы а-ч.и.к. доцент Б.Ж. Жээнбекова.
Бул иш чараны кафедранын илимий иштери боюнча жооптуу Алтынай Сатыбалдыевнанын уюштуруусу менен өткөрүлдү” -дейт ал.