“ЭР ЖИГИТ ЭЛ ЧЕТИНДЕ, ЖОО БЕТИНДЕ”

2024 – жылдын 20-февралында табигый-техникалык факультетинин, табигый-илимий билим берүү кафедрасы тарабынан 15-февраль Ооган согушунун 35 жылдыгына жана 23-февраль Ата Мекенди коргоо күнунө карата “Эр жигит эл четинде, жоо бетинде” аталыштагы иш- чара болуп өттү.Мындай маалыматты атталган кафедранын кафедра башчысы а.ч.и.к., доцент Б.Ж.Жээнбекова билдирди.
Анын айтымында өткөрүлгөн иш-чарага ооган согушунун ардагерлери жана ТТФнын деканы Жакып Бакирович чакырылды. ТИББ кафедрасынын биология, география, химия адистигинин студенттери катышып, окуялар сахналаштырылып, чакан концерттик программаларды тартуулашты. Иш чаранын максаты — жаш муунду патриоттуулукка, мекенди сүйүүгө үндөө. Бул иш-ишчара окутуучу Анара Жеенмырзаеванын уюштуруусу менен өткөрүлдү”- дейт ал.