“Токой азыктарын кайра иштетүүдөгү азык-түлүк коопсуздугу”аталышындагы илимий-практикалык конференция.

“Токой азыктарын кайра иштетүүдөгү азык-түлүк
коопсуздугу”аталышындагы илимий-практикалык конференция.
“Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун" илимий билим берүү өндүрүштүк комплекси. Э.Уметов атындагы педагогикалык институтунун, табигый -илимий билим берүү кафедрасында “Био Сервис” коомдук фонду менен биргеликте “Токой азыктарын кайра иштетүүдөгү азык -түлүк коопсуздугу” аталышындагы илимий- практикалык конференция уюштурулду.
Конференция да Кыргыз Республикасынын Гимни ырдалып,ТИББнин кафедра башчысы -а.ч.и.к.,доцент Б.Ж. Жээнбекова,
Илимий иштер боюнча башкы инспектору- ф.и.к., доцент Зыяда Садыковна, “Ишкер Кей-Джи” кооперативинин төрайымы З. Мулабаевалар конференциянын катышуучуларына ийгилик каалап, куттуктоо сөзүн айтыштып, конференцияны ачып берди
Конференция да төмөндөгүдөй илимий баяндамалар:
1)“Токойду туруктуу пайдалануу социалдык экологиялык, экономикалык таасири”.
2) “Жашыл экономика” саясаты.
3) “Токой азыктарын кайра иштетүү”.
4) Айыл чарба азыктарын кайра иштетүүнүн технологиясы.
5) “Өндүрүштө азык түлүк коопсуздугун сактоо эрежелери”.
6) “Азык түлүктун сапатын камсыздоо” аталыштагы илимий баяндамалар окулду.
Катышуучулар тарабынан суроо, жооп талкуу болуп конференция максатына жетти.
Конференциянын аягында келген коноктор Г.К.Кудайбердиева -“Био Сервис” КФнун директору
Б.Э.Раимкулова -“Био Сервис” КФнун органикалык өндүрүш боюнча эксперти конференциянын катышуучуларына ийгилик каалады.
Эркин микрафон берилип кафедранын студенттери тема актуалдуу экендигин баяндашып, Био Сервис КФду менен биргеликте иш алып баруусун белгилеп өтүштү.