1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Табигый-техникалык факультети
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

22

“Карынын сөзүн капка сал”

   1-октябрь Эл аралык карылар күнү. Бул күнү улгайган инсандардан кабар алып, жумуштарына жардам берип кол кабыш кылган жаштар арбын. Алардын катарында Табигый-илимий билим берүү кафедрасынын Х-1-22 тайпасынын студенттери да бар. Алар куратору   А. О. Болотбеков менен биргеликте окуу жайдагы көп жылдан бери эмгектенип калган улуу эже-агайларды майрамы менен куттуктап, аз да болсо жумуштарына жардам берип, улууларга майрамдык маанай тартуулашты.

Улгайгандардын катарында АТФ окуу корпусунда көп жылдан бери кичи көмөкчү кызматкери болуп эмгектенип келе жаткан Уулкыз апаны студенттер майрамы менен куттуктап, чакан белектерин тапшырды.

Жаштардын бул аракети көпчүлүктү кубандырды. Улууларды сыйлоо ар бирибиздин милдетибиз экенин айтып, ыраазычылыктар айтылды. Бул аракет аталган окуу жайда иштеген башка студенттерге да үлгү болоору бышык.