“Улут болсоң-тилиң менен улутсун, улук болсоң- тилиң менен улуксуң”

Б.Осмонов атындагы "Жалал-Абад мамлекеттик университети" илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э.Уметов атындагы педагогикалык институтунун, табигый -илимий билим берүү кафедрасында 2025-жылдын 26-сентябрында Мамлекеттик тил жумалыгынын алкагында, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндөгү” мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 36 жылдыгына карата кафедралык деңгээлде “Улут болсоң-тилиң менен улутсун, улук болсоң- тилиң менен улуксуң” аталышындагы тарбиялык иш-чара уюштурулду.
Иш-чарага Э.Уметов атындагы педагогикалык институтунун директору, п. и. д., профессор, Гүлдана Самидиновна жана ТИББ кафедрасынын башчысы Бурулай Жолболдуевна, кафедранын доцент Шамшидин Шабидиновичтер куттуктоо сөзүн айттып иш-чараны ачып беришти.
Саамалык студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолуп, чыгармалар көркөм окулуп, обондуу ырлар, тилге байланыштуу макал-лакаптар жана улуттук бийлер даярдалган. Кыргыз тилинде колдонулбай калган көнөргөн сөздөр суроо жооп конкурсу жана эне тили боюнча хор ырдалып иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулду.
Келген коноктор куттуктоо сөздөрүн айтып, уюштуруу тобуна, студенттерге жана группанын кураторлору Г.Жусупбаева жана А.Керимбековаларга терең ыраазычылык билдирди.