1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Табигый-техникалык факультети
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

15

"УЛУТТУН УҢГУСУ - УЛУУ МУУН" АТАЛЫШЫНДАГЫ ТАРБИЯЛЫК-МАДАНИЙ ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ

Э.Уметов атындагы педагогикалык институтунда "Улуттун уңгусу - улуу муун" аталышындагы тарбиялык-маданий иш-чара өткөрүлдү. Бул маанилүү иш-чара табигый-илимий билим берүү кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери тарабынан уюштурулуп, улуу муундун салттарын, баалуулуктарын жана мурастарын даңазалоого багытталды.Иш-чаранын максаты:Улуу муундун коомдогу ордун жана маанисин жаштар арасында даңазалоо;Улуттук баалуулуктарды, салт-санааны жана маданий мурастарды жайылтуу.Студенттердин руханий-тарбиялык деңгээлин жогорулатуу жана коомго салым кошууга шыктандыруу.Иш-чарага институттун студенттери, окутуучулары жана чакырылган коноктор катышып, жаштар менен улуу муундун ортосундагы байланышты бекемдөөгө өбөлгө түзүлдү. Катышуучулар бул иш-чаранын маанилүүлүгүн белгилеп, мындай демилгелердин улантылышына тилектештигин билдиришти.