1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Табигый-техникалык факультети
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

24

Сырттан окуу бөлүмүндө билим алып жаткан студенттерге профориентация уюштуруу. 

Үзгүлтүксүз билим берүү институтунун, табигый-илимий билим берүү кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы биология адистигинин сырттан окуу бөлүмүндө билим алып жаткан бүтүрүүчүлөргө магистратурага тапшыруу боюнча профориентация уюштурду. Профориентация учурунда кафедра башчы доцент Бурулай Жолболдуевна 550100 Табигый-илимий билим берүү багытынын биология, география жана химия профилдеринин сырттан жана күндүзгү бөлүмдөрүнө магистратурага тапшырууга студенттерди чакырды. Ошондой эле магистратурага тапшырам деген студенттер окуу процессинин жүрүшү боюнча кеңири маалымат берди дейт доцент Маматураимова Назгуль.

Магистратуранын биология, география жана химия адистиги боюнча кеңири маалымат алуу үчүн студенттерге буклеттер таркатылды. Студенттер жана профессордук-окутуучуларарасында магистратуранын окуу мөөнөтү, окуу акысы жана окуу процессинин жүрүшү боюнча суроо жооп талкуу болду. Профориентация жогорку деңгээлде уюштурулду.