Студенттердин бүгүнкү тандоосу, эртеңки келечеги.

Табигый-техникалык факультетинин, табигый-илимий билим берүү кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы Жалал-Абад педагогикалык колледжинин англис-тил адистигинде билим алып жаткан бүтүрүүчүлөргө профориентация уюштурду. Профориентация учурунда ТИББ кафедрасынын башчысы доцент Бурулай Жолболдуевна 550100 Табигый-илимий билим берүү багытынын биология, география жана химия профилдерине студенттерди тапшырууга чакырды. Ошондой эле окуу процессинин жүрүшү жана кафедра боюнча кеңири маалымат берди дейт доцент Маматураимова.
Биология, география жана химия адистиги боюнча кеңири маалымат алуу үчүн студенттерге буклеттер таркатылды.