1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Табигый-техникалык факультети
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 месяца назад

69

Окуу талаа практикасын жыйынтыктоочу конференциясы.

ТТФнын, табигый-илимий билим берүү кафедрасында биология профилинде билим жаткан 1-курс,ТИБББ-1-24 тайпасынын студенттерин 2-жумалык "Өсүмдүктөрдүн анатомиясы жана морфологиясы", "Омурткасыздардын зоологиясы" дисциплиналары боюнча окуу талаа практикасын жыйынтыктоочу конференциясы уюштурулду дейт практика боюнча жооптуу доцент Маматураимова Назгуль.

Конференцияга ТИББ кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы, илимий практика жетекчилери жана карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башкы адисти Нурия Султановна катышты. Конференциянын жүрүшүндө кафедра башчы Бурулай Жолболдуевна студенттерге практиканын жүрүшү, практика учурунда илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү боюнча отчет берүүсүн айтты. Студенттер окуу талаа практика учурунда илимий-изилдөө иштерин жүргүзгөндүгүн жана гербарий, коллекция, нымдуу препарат жасагандыгын, теориядан алган билимин практика менен айкалыштырып билим билгичтикке жеткендери боюнча отчет беришти. Практика учурундагы күчтүү жана алсыз жактарын айтып, суроо жооп талкуу болуп конференция максатына жетти.