2025-2026- окуу жылына окуу планда көрсөтүлгөн студенттердин тандоосуна коюлуучу (элективдик) дисциплиналарды тандоо.

Табигый-техникалык факультетинин, табигый-илимий билим берүү кафедрасында окуу планда көрсөтүлгөн студенттердин тандоосуна коюлуучу (элективдик) дисциплиналарды тандоо боюнча жыйын болуп өттү. Жыйынга кафедранын профессордук-окуутучулук курамы, билим алып жаткан студенттер жана иш берүүчүлөр катышты.
Иш берүүчүлөрдүн жана студенттердин тандоосу менен дисциплиналар тандалып алынып, сунуш ой пикирлер айтылып, талкуу болду. Иш берүүчүлөрдүн сунушу боюнча генетика боюнча маселерди иштөө дисциплинасы окуу планга киргизилип азыркы учурда окутулуп жатканын кафедра башчы Бурулай Жолболдуевна билдирди.
Жыйын жогорку деңгээлде уюштурулду дейт Маматураимова Назгуль.