1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Табигый-техникалык факультети
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

29

КЕСИПТИ ТУУРА ТАНДОО-БУЛ БАКТЫЛУУ ЖАНА БАКУБАТ ЖАШООНУН АЛГАЧКЫ БАСКЫЧТАРЫ

Табигый-илимий билим берүү кафедрасынын профессордук-окутуучулар курамы тарабынан Базар-Коргон районунун бир катар мектептеринде Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетине тапшыруу боюнча үгүт иш-аракеттери жүргүзүлдү. Бул иш-чаранын негизги максаты мектеп окуучуларынын жеке өзгөчөлүктөрүн, жөндөмдүүлүктөрүн, кызыкчылыктарын жана эмгек рыногунун керектөөлөрүн эске алуу менен келечектеги кесибин тандоодо жардам көрсөтүү.

Кесиптик багыт берүү ишинин алкагында бүтүрүүчүлөр менен эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болгон кесиптер жана аларга коюлган талаптарды ишке ашырууда ЖАМУнун ишмердүүлүгүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө талкуулар болду. ТИББ кафедрасынын профессордук окутуучулар курамы 550100 Табигый-илимий билим берүү багытынын профилдери боюнча кеңири маалымат берди.

Мектеп бүтүрүүчүлөрү жана мугалимдер менен окуу профилин тандоо, билим берүү траекториясын куруу жана андан аркы кесиптик жолду түзүү маселелери боюнча жеке кызуу талкуулар болду.

Кесиптик багыт берүү иштери окуучулардын келечектеги кесипти тандоого аң-сезимдүү мамилесин калыптандырууга өбөлгө түздү. Көптөгөн окуучулар мындан аркы билим алуу багытын чечип, ЖАМУнун адистиктерине тапшырууга кызыгышты. Окуучулардын жаш жана жекече өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кесипке багыт берүү иштери түрдүү тармактарда үзгүлтүксүз улантылат.