“Санариптик коомдо адамдык капиталды өнүктүрүү: мүмкүнчүлүктөр жана перспективалар”

2025-жылдын, 24-апрелден, 26-апрелине чейин Өзбекстан Республикасынын Чирчик мамлекеттик педагогикалык университетинде “Санариптик коомдо адамдык капиталды өнүктүрүү: мүмкүнчүлүктөр жана перспективалар” аталыштагы эл аралык илимий -практикалык конференция болуп өттү. Конференцияга Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, табигый-техникалык факультетинин, табигый-илимий билим берүү кафедрасынын кафедра башчысы а-ч.и.к., доцент Бурулай Жээнбекова катышты. Конференциянын биринчи күнү биология, география жана химия профилдеринде билим алып жаткан студенттерге 16 сааттык конок лекциялар уюштурулуп, сабак өткөн профессордук-окутуучулук курам сертификаттар менен сыйланды. Ошондой эле биология, география,химия кафедраларынын кафедра башчылары жана профессордук-окутуучулук курамы менен окуу процессинин жүрүшү, илимий жана академиялык мобилдүүлүктү ишке ашыруу боюнча ой-пикирлер айтылып, талкуулар болду.
Конференциянын экинчи күнү илимий баяндамалар окулду.
"Кыргыз жүндүү эчкилердин клиникалык-физиологиялык көрсөткүчтөрү” деген темада илимий баяндама жасалды.
Илимий-практикалык конференцияда актуалдуу илимий баяндамалар окулуп, баяндамачылар сертификаттар менен сыйланды дейт ТИББ кафедрасынын кафедра башчысы
Бурулай Жолболдуевна. о.э. уюштуруу тобуна терең ыраазычылык билдирерин белгилеп өттү.