Конок лекция өтүлдү

2025-жылдын 22-24-апрелине чейин Өзбекстан республикасынын Чирчик мамлекеттик педагогикалык университетинин биология жана химия адистигинин 2 курста билим алып жаткан студенттерге Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин табигый-техникалык факультетинин, табигый-илимий билим берүү кафедрасынын башчысы а-ч.и.к., доцент Б.Ж.Жээнбекова 16 сааттык конок лекция өттү.
Конок лекцияга биология адистигинен жалпы 26 дан ашык студент катышты. Студенттер активдүү катышып өз ой-пикирлерин айтышып, берилген тапшырмалар боюнча топтордо презентация жасашты. Биоартүрдүлүктүн азыркы учурдагы абалы боюнча суроо жооп жана талкуу болуп сабак максатына жетти дейт доцент Бурулай Жолболдуевна.
Ошондой эле биология жана химия кафедрасынын кафедра башчылары менен мындан ары мобилдүүлүк жана илимий чөйрөдө иш алып баруу боюнча сүйлөшүүлөр болду. Мүмкүнчүлүк түзүп берген Чирчик мамлекеттик педагогикалык университетинин жетекчилигине терең ыраазычылык билдиребиз.