1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Табигый-техникалык факультети
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

37

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК ООРУЛАРДЫН АЛДЫН АЛУУ ЖАНА МАМЛЕКЕТТИК САНИТАРДЫК-ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК КӨЗӨМӨЛДӨӨ БОРБОРУНДА ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ

Билим берүү программасынын алкагында 24.04.2025 күнү  550100 Табигый-илимий билим берүү багытынын Б-1-22 тайпасынын студенттери Жалал-абад шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунда«Микробиология вирусологиянын негиздери менен» дисциплинасы боюнча доцент А.Д.Эгембердиеванын жетекчилиги менен жумуш ордунда окуудан өтүштү.

Жумуш ордунда окутууда студенттер санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары менен таанышышты, анын ичинде:

• суунун, абанын жана тамак-аштын үлгүлөрүн чогултуу, ташуу жана анализ жүргүзүү;

• патогендик жана шарттуу микроорганизмдердин микробиологиялык диагностикасы;

• клиникалык жана лабораториялык материалда вирустарды аныктоо ыкмалары;

• лабораториялык практикада асептика, антисептика жана биологиялык коопсуздук эрежелери;

• жугуштуу оорулардын чыгышында алдын алуу жана эпидемияга каршы иш-чараларга катышуу боюнча маалымат алышты жана лабораториялык каражаттар менен иштешти.

Тажрыйбалуу адистердин жетекчилиги астында студенттер грамм боёо, микроскопия, азык чөйрөлөр менен иштөө ыкмаларын өздөштүрүштү, ошондой эле вирустук инфекцияларды диагностикалоонун заманбап ПЦР ыкмалары боюнча билимге ээ болушту. Санитардык көзөмөл жана адамдын айлана-чөйрөсүн гигиеналык баалоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жумуш ордунда окутуу студенттерге  калктын санитардык бейпилдигин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон санитардык-гигиеналык жана эпидемиологиялык профилдеги компетенцияларды калыптандырууга өбөлгө түздү.