“Бүгүнкү кадам, эртенки келечек” аталыштагы бүтүрүүчү жана ата-энелер менен жолугушуу конференциясы уюштурулду.

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун, табигый-техникалык факультетинин, табигый-илимий билим берүү кафедрасында бүтүрүчүлөр жана ата-энелер менен биргеликте “Бүгүнкү кадам, эртенки келечек” аталыштагы конференция уюштурулду.
Конференцияга биология, география жана химия профилдеринин бүтүрүүчүлөрүн жана азыркы учурда билим алып жаткан студенттердин ата-энелери чакырылды. Конференцияга табигый-техникалык факультетинин профессордук-окутуучулук курамы о.э. карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, филол.и.к., доцент З.С.Калыбекова, башкы адиси Нурия Султановна жана бүтүрүүчүлөр ата-энер катышты дейт доцент Н. Маматураимова.
Конференция Кыргыз Республикасынын Гимни менен ачылып, куттуктоо сөздөр ТТФнын деканы,тех. и. к., доцент, Ж.Б Шамиев жана карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, филол. и. к., доцент З.С.Калыбекова, башкы адиси Нурия Султановна жана ТИББ кафедрасынын башчысы а-ч.и.к., доцент, Б.Ж. Жээнбекова тарабынан куттуктоо сөздөр айтылып, иш-чарага ийгиликтерди каалашты.
ТИББ кафедрасынын башчысы а-ч.и.к., доцент, Б.Ж. Жээнбекова Бүтүрүүчүлөрдүн ишке жайгашуусу, акыркы министерство жана университет тарабынан иштелип чыккан акыркы практиканын жоболору боюнча тааныштырып алардын милдеттери жана максаттары боюнча маалымат берилди. Бүтүрүүчүлөр ата-энелер тарабынан суроо жооп жана сунуштар айтылып, талкуулар болуп, өз ойлорун айтышты.
Кураторлор группаларынын жетишүү, катышуусу, илимде, окууда,маданий масалык иш-чаралардагы ийгиликтери боюнча ата-энелерге маалымат берди.
ТИББ кафедрасынын улук окутуучусу Молдомусаева ЖАМУнун бүтүрүүчүсү катары ассоциа́цияга катталуу жана анкеталар боюнча маалымат берди. Карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, филол. и. к., доцент З.С.Калыбекова жана башкы адиси Нурия Султановналар суроо жоопторго толуктоолорду киргизүү менен практканын жүрүшү боюнча кеңири маалымат берди.
ТИББ кафедрасынын доценти Н. Маматураимова бүтүрүүчүлөр жана ата-энелерге профориентация иштерин жүргүздү жана буклеттер таркатылды дейт окутуучу А. Керимбекова.
Конференциянын экинчи бөлүгүндө- келген коноктордун куттуктоо сөздөрү айтылды.
ТИББ кафедрасы тарабынан жакшы окууган студенттердин ата-энелерине, мыкты бүтүрүүчүлөргө ыраазычылык каттар тапшырылды.
Конференциянын тыныгуу убагында конокторго экскурсия (кафедранын илимий лабораториялары жана музейлер менен таанышуу) уюштурулду жана “Он беш жолу улам кайра туулуп, он беш жолу жашарбасам карап тур” деген аталыштагы кече Г Каленбекованын уюштуруусу менен ТТФнын студенттери ыр, бий тартуулады.
Конференцияны уюштурууда кафедранын профессордук-окутуучулук курамдын салымы чоң. Уюштуруу тобуна терең ыраазычылык билдиребиз дейт кафедра башчы Бурулай Жолболдуевна.