1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Табигый-техникалык факультети
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

32

“Акылдын өбөгү билим, жөлөгү тажрыйба”

2025-жылдын 10-апрелинде Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун, табигый-техникалык факультетинин, табигый-илимий билим берүү кафедрасында  иш берүүчүлөрдүн катышуусу менен “Акылдын өбөгү билим, жөлөгү тажрыйба” аталыштагы конференция уюштурулду.

Конференцияга Сузак районундагы жана Жалал-Абад шаарындагы орто мектептердин директорлору жана завуч, окутуучулары чакырылды. Конференцияга 15 иш берүүчү жана Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун табигый-техникалык факультетинин профессордук-окутуучулук курамы о.э. карьераны өнүктүрүү  жана   өндүрүштүк   практиканы уюштуруу бөлүмүнүн   башчысы, филол.и.к., доцент  З.С.Калыбекова, башкы адиси Нурия Султановна катышты дейт улук окутуучу А.Ж.Молдомусаева.

                   Конференция  Кыргыз Республикасынын Гимни менен ачылып, куттуктоо сөздөр ТТФнын  деканы,тех. и. к., доцент, Ж.Б Шамиев,  ТИББ кафедрасынын башчысы а-ч.и.к., доцент, Б.Ж. Жээнбекова  жана карьераны өнүктүрүү  жана   өндүрүштүк   практиканы уюштуруу бөлүмүнүн   башчысы, филол. и. к., доцент  З.С.Калыбекова жана Нурия Султановна тарабынан куттуктоо сөздөр айтылып, иш-чарага ийгилик каалады. Ошондой эле ТИББ кафедрасынын доценти Н.А. Маматураимова “Б.Осмонов атындагы ЖАМУ жана табигый-илимий билим берүү кафедрасы” боюнча маалымат берди.

ТИББ кафедрасынын башчысы а-ч.и.к., доцент, Б.Ж. Жээнбекова “Негизги билим берүү программасы жана тандоо курстары” боюнча маалымат берилди. Иш берүүчүлөр тарабынан суроо жооп жана сунуштар айтылып, топто тандоо курсу боюнча талкуулар болуп, өз ойлорун айтып биология адистигинин тандоо курсуна Кыргызстандын пайдалуу флорасы предметин жана химия адистигинин тандоо курсуна жашыл химия деген предмети киргизүүнү сунуштады. Ошондой эле тандалган предметтер учурдун талабына ылайык келерин белгилешти..

ТТФнын  деканы - тех. и. к., доцент, Ж.Б Шамиевиш берүүчүлөргө профориентация иштерин жүргүздү жана буклеттер таркатылды дейт модератор Клара Татыкулова.

Конференциянын экинчи бөлүгүндө- келген коноктордун куттуктоо сөздөрү айтылды.

 Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн кадырлар бөлүмүнүн башчысы С.С.Турганбаева жана Жалал-Абад шаарындагы №19 И.Сатыбаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин директору Г.М. Ибрагимова, Жалал-Абад  шаарына караштуу №23 Таш-Булак жалпы орто билим берүү мектебинин  директору Ф.Б.Артышовтор ТИББ кафедрасына ыраазычылык айтуу менен кафедрага ыраазычылык кат тапшырышты. ТИББ кафедрасынын атынан да ыраазычылык каттар тапшырылды.

Конференциянын тыныгуу убагында конокторго экскурсия (кафедранын илимий лабораториялары жана музейлер менен таанышуу) уюштурулду жана “Он беш жолу улам кайра туулуп, он беш жолу жашарбасам карап тур” деген аталыштагы кече Г Каленбекованын уюштуруусу менен ТТФнын студенттери  ыр, бий тартуулады.

Конференцияны уюштурууда кафедранын профессордук-окутуучулук курамдын салымы чоң. Уюштуруу тобуна терең ыраазычылык билдиребиз дейт кафедра башчы Бурулай Жолболдуевна.