"Жалбырактын түзүлүшү" деген темада жумуш ордунда окутуу боюнча экскурсия уюштурулду

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун табигый-техникалык факультетинин, табигый-илимий билим берүү кафедрасында "Өсүмдүктөрдүн анатомиясы жана морфологиясы" дисциплинасынан жумуш ордунда окутуу боюнча "Жалбырактын түзүлүшү" деген темада биология профилинде билим алып жаткан 2-3 курстун студенттерине АТФнын территориясында И.Арабаев атындагы КМУнун “Туризим жана экология” кафедрасынын кафедра башчысы Г.Р.Токталиева экскурсия уюштурду дейт кафедра башчы Бурулай Жолболдуевна!
Студенттер Гулнура Райымбердиевна менен биргеликте АТФнын территориясында өскөн өсүмдүктөрдүн жалбырактарынын түзүлүшүнө, таралуу арелына, жалбырактын чети, негизи, сабакта жайланышы, формасы жана келип чыгуу тарыхы боюнча изилдөө жүргүзүштү. Студенттер изилдөө учурунда химия, география, математика геометрия жана технология илимдери менен байланыштырып, жеке жана жупта аныктама беришти.
Студенттер арасында кызуу талкуу, суроо, жооп болуп, сабак максатына жетти.
Гулнура Райымбердиевнага терең ыраазычылык билдиребиз.
Уюштуруу тобуна терең ыраазычылык.