1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Табигый-техникалык факультети
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

39

Конок лекция STEM технологиясы жана аны ботаниканы окутууда колдонуу. 

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун табигый-техникалык факультетинин, табигый-илимий билим берүү кафедрасында "Өсүмдүктөрдүн анатомиясы жана морфологиясы" дисциплинасынан "Жалбырактын түзүлүшү" деген темада STEM -технологиясын колдонуп биология, география жана химия профилинде билим алып жаткан 2-3 курстун студенттерине И.Арабаев атындагы КМУнун “Туризим жана экология” кафедрасынын кафедра башчысы Г.Р.Токталиева конок лекция уюштурду дейт кафедра башчы Бурулай Жолболдуевна!

Бул STEM -технологиясы өсүмдүктөрдө жүрүп жаткан физикалык, химиялык, географиялык процесстерди изилдөөдө колдонууга багытталган. Жалбырактын түзүлүшүн, кызматын, таралышын, формасын аныктоодо стунденттер топторго бөлүнүп презентация жасашты. Студенттер жалбырактын түзүлүшүү боюнча билим алып жатып, химия, география, математика геометрия илимдери менен байланыштыра алды жана билим билгичтикке жетти дейт Бурулай Жолболдуевна.

Студенттер, магистранттар жана профессордук-окутуучулар арасында кызуу талкуу, суроо, жооп болуп, сабак максатына жетти. Ошондой эле активдүү катышкан студенттерге сертификаттар Г.Р.Токталиева тарабынан берилерин кафедранын доценти Алтынай Дүйшөевна билдирди.

Гулнура Райымбердиевнага терең ыраазычылык билдирүү менен ыраазычылык кат ТИББ кафедрасы тарабынан ыйгарылды.

Уюштуруу тобуна терең ыраазычылык дейт А.Ж.Молдомусаева.