1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Табигый-техникалык факультети
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

34

“ОКУУЧУЛАРДЫН БИЛИМИН БААЛОО” БОЮНЧА ПРАКТИКАНТ СТУДЕНТТЕРГЕ ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ БОЛДУ

550100 Табигый-илимий билим берүү багытынын биология профилинин II-III курсунун студенттери үчүн кафедранын улук окутуучусу А.С.Болотова, доценти А.Д.Эгембердиева  08.04.25 күнү “Окуучулардын билимин баалоо” - деген темада Жалал-Абад шаарындагы  С.Давлетов атындагы №14 орто мектебинде жумуш ордунда окутуу өткөрүштү.

“Окуучулардын билимин баалоо” боюнча практикант студенттерге жумуш ордунда окутуу окуу процессинде окуучулардын билимин баалоонун актуалдуу маселелерин жана ыкмаларын талкуулоого багытталды. ЖОО да билимди баалоонун теориялык жана практикалык аспектилери, ошондой эле бул ыкмалардын билим берүүнүн сапатын жогорулатуудагы ролу каралды.

Баалоо процессинде практикант студенттер туш болгон көйгөйлөрдү жана кыйынчылыктар талкууланды. Баалоо системасын өркүндөтүү боюнча практикалык сунуштарды берилди.

ЖОО окуучулардын билимин баалоо методдорун өркүндөтүү боюнча студенттер үчүн маанилүү кадам болду. Катышуучулар тажрыйба жана идеялар менен бөлүшүп, инновациялык баалоо ыкмаларын ишке киргизүү боюнча практикалык сунуштарды алышты. Билимди баалоого ийкемдүү жана объективдүү мамиле кылууга мүмкүндүк берген санариптик инструменттердин талкуулары өзгөчө актуалдуу болду.

Окуучулардын билимин баалоо боюнча ЖООда студееттерге заманбап ыкмаларды талкуулоого жана бул багыттагы практикалык көйгөйлөрдү аныктоого мүмкүндүк берген маанилүү окутуу болду. Окуу процессинин сапатын жогорулатуу үчүн баалоо ыкмаларын өркүндөтүүнү улантуу жана мугалимдердин ишине жаңы ыкмаларды жигердүү киргизүү зарылдыгын билишти.