1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Табигый-техникалык факультети
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 месяца назад

103

STEM-ТЕХНОЛОГИЯСЫ ЖАНА АНЫ ХИМИЯНЫ ОКУТУУДА КОЛДОНУУ

03.04.2025. Бүгүн Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин базалык мектептеринин бири – шаардагы №4-орто мектебинде STEM-технологиясы жана аны химияны окутууда колдонуу боюнча семинар өткөрүлдү. Анда шаардагы №4 -орто мектебинин химия мугалими Ф.Мамасадыкова практиканттарга STEMди окуу процессинде колдонуу менен окуучуларды сабакка кызыктыруунун жолдору, аны окутуу менен бирге сабакты башка предметтер менен интеграциялап окутуунун жолдору жөнүндө кеңири бир сабактын моделинде маалымат берди.

Аталган иш чарага Табигый-техникалык факультетинин табигый илимий билим берүү багытынын химия профилинин студенттери, практика жетекчилери катышып, STEM-технологиясы боюнча өз пикирлери менен бөлүшүштү.