"Студенттерди адаптациялык практикага жөнөтүү конференциясы"

2025-жылдын 28-мартында Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун, ТТФнин, табигый-илимий билим берүү кафедрасында биология, география жана химия профилинде билим жаткан 2-курстун Б-1-23, Г-1-23 жана Х-1-23 тайпаларынын студенттерин 2-жумалык адаптациялык практикага жөнөтүү конференциясы уюштурулду дейт практика боюнча жооптуу доцент Маматураимова Назгуль. Конференцияга ТИББ кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы, практика жетекчилер жана карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнөн Нурия Султановна катышты дейт ал.
Конференциянын жүрүшүндө Нурия Султановна студенттерге практиканын жүрүшү жана практика учурунда илимий изилдөө ишин кошо алып кетүүсүн, о.э. жол карта боюнча кеңири маалымат берди.
Практика жетекчилери да практика учурунда мектеп админстрациясы жана практика жетекчилери менен тыгыз байланышта болорун эскертти. Практиканын жүрүшүндө 70℅ тарбиялык иш пландын негизинде тарбиялык сааттарды уюштурууну жана 30℅ окуу уюштуруу иштери менен алек болуусун белгилеп, практика жетекчилери барганда практиканттар мектептерде болуусун кафедра башчы Бурулай Жолболдуевна белгилеп өттү дейт Н Маматураимова.