"Студенттерди кесиптик-базалык практикага жөнөтүү конференциясы"

2025-жылдын 24-мартында Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун, ТТФнин, табигый-илимий билим берүү кафедрасында биология жана химия профилинде окуп жаткан 3-курстун Б-1-22 жана Х-1-22 тайпаларынын студенттерин 3-жумалык кесиптик-базалык практикага жөнөтүү конференциясы уюштурулду. Конференцияга ТИББ кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы, практика жетекчилери жана карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнөн Нурия Султановна катышты. Конференциянын жүрүшүндө Нурия Султановна студенттерге практиканын жүрүшү, практика учурунда илимий изилдөө ишин кошо алып кетүүсүн жана жол карта боюнча кеңири маалымат берди. Практика жетекчилери да практика учурунда мектеп админстрациясы жана практика жетекчилери менен тыгыз байланышта болусун практиканын жүрүшү жана жол карта боюнча токтолуп өтүштү.