1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Табигый-техникалык факультети
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

52

“САБАКТАРДЫ ТАЛДОО, ОКУТУУНУН НАТЫЙЖАЛУУЛУГУН БААЛОО”- ДЕГЕН ТЕМАДА ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ БОЛДУ

50100 Табигый-илимий билим берүү багытынын биология профилинин III-курсунун студенттери үчүн кафедранын доценти А.Д.Эгембердиева, улук окутуучусу А.С.Болотовалар 25.03.25 күнү “Сабактарды талдоо, окутуунун натыйжалуулугун баалоо”- деген темада Жалал-Абад шаарындагы С.Давлетов атындагы №14 орто мектебинде жумуш ордунда окутуу өткөрүштү.

Бул окутуу кесиптик базалык практикасын өтүү мезгилинде сабактарды талдоонун негизги аспектилерин жана анын натыйжалуулугун баалоо критерийлерин камтыйт. Студент-практиканттар мугалимдердин сабактарына катышуу менен сабактарга талдоо жүргүзүү ыкмаларын өздөштүрүштү. Бул студенттердин өздөрүнүн практикасын өркүндөтүүгө, күчтүү жактарын андан ары өнүктүрүү багыттарын аныктоого жардам берет.

Жумуш ордунда окутууда студент-практиканттардын мугалимдик ишмердүүлүгүндө өзүн өзү баалоо көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жардам берүү жана окутуунун мындан аркы кадамдарын оптималдаштырууда билим берүү процессинин жыйынтыктарын объективдүү баалоого үйрөтүү маселелери каралды.

Б-1-22 тайпасынын студенттери, С.Давлетов атындагы №14 орто мектебинин биология мугалимдери активдүү катышышып өз ой-пикирлерин бөлүшүштү.