1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Табигый-техникалык факультети
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

43

"Адаптациялык-педагогикалык практиканы жыйынтыктоо конференциясы"

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун,ҮББИнун табигый-илимий билим берүү кафедрасында  сырттан окуу бөлүмүндө билим алып жаткан Бс-1-22 тайпасында адаптациялык -педагогикалык  практикасын жыйынтыктоо конференциясы уюштурулду.

Конференцияга ТИББ кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы,  практика жетекчилери жана карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы З.С.Калыбекова катышты. Конференциянын   жүрүшүндө Зыяда Садыковна сиуденттерге практиканын жүрүшү, практика учурунда тарбиялык иштерин жүргүзүү боюнча отчет берүүсүн айтты. Студенттер практика учурунда 5-6-7-8-9 класстар менен иш алып барганын белгилеп өтүштү.Практика учурунда студенттер педагогикалык чеберчилигин көрсөтүп практикага чыккан мектептеринен ыраазычылык кат, алкыш алып келгенин практика боюнча жооптуу х. и.к., доцент Н.Маматураимова белгилеп өттү. Группанын 80℅ мектептерде мугалим болуп иштейт ошол себептен практика учурунда  студенттер үчүн кыйынчылык болбогондугун улук окутуучу А.Болотова айтты.  Практика учурундагы күчтүү жана алсыз жактарын айтып, суроо, жооп талкуу болуп конференция максатына жетти