“Билим бул акылдын ырахаты, ал эми спорт дененин ырахаты"

2025-жылдын 12-декабрь күнү Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун табигый-техникалык факультетинде “21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө” жана “23-февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө” карата, факультетте билим алып жаткан студент балдар арасында спорттун волейбол түрүнөн мелдеш уюштурулду. Жалпысынан мелдешке төмөнкү курама командалар катышты:
1.Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
2.Электрэнергетикасы жана механика кафедрасы
3.Профессордук-окутуучулук курам (мырзалар)
4.Медициналык факультети
5.Ветеринардык медицина кафедрасы
6.ДТ-1-24 тайпасы
7.ДТ-1-23 тайпасы.
Мелдешти расмий түрдө ачып берүү үчүн факультеттин деканы тех.и.к.,доцент Ж. Б. Шамиев сөз сүйлөдү: “Билим бул акылдын ырахаты, ал эми спорт дененин ырахаты демекчи биз студенттерди ар тараптан колдоо максатында мындай спорттук жана маданий массалык иш-чараларды байма-бай уюштуруп турмакчыбыз. Мелдештин катышуучуларына ийгиликтерди каалаймын, күчтүүлөр жеңишке жете берсин”- деп куттуктоо сөзүн жыйынтыктады.
Командалар чүчү кулактын негизинде 2 топко бөлүнүшүп күч сынашты. Жыйынтыгында төмөнкү байгелүү орундардын жеңүүчүлөрү аныкталды:
I орун Ветеринардык медицина кафедрасынын студенттери.
II орун ДТ-1-23 тайпасы
III орунга ДТ-1-24 тайпасы.
Жеңүүчүлөр кубок, диплом, медалдар менен сыйланышты. Мыкты оюнчу деп Касымбекова Эрлан жана Сыргабаев Сүймөнкул табылды. Уюштуруу тобу факультеттин спорт сектору табигый-илимий билим берүү кафедрасынын Х-1-22 тайпасынын студенти Абдукаримова Гулзина жана тайпанын студенттери.