"Эне тил-улут уңгусу"

2024-жылдын 6-февраль күнү Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун табигый-техникалык факультетинин,табигый-илимий билим берүү кафедрасында БУУнун жана Юнесконун чечиминин негизинде КР жашаган улуттардын ынтымагын бекемдөө,алардын эне тилин, маданиятын жайылтуу жана 21-февраль -Эл аралык эне тил күнүнө карата "Эне тил-улут уңгусу" деген аталыштагы тарбиялык саат Б-1-23 тайпасынын студенттери тарабынан уюштурулду дейт ТИББ кафедрасынын кафедра башчысы Бурулай Жолболдуевна. Ал тарбиялык иш-чарага Испания, Англия, Өзбекстан,Турция, Германия, Грузия , Индия мамлекеттеринин өкүлдөрү катары студенттер өз тили, маданияты, мамлекети тууралуу маалыматтарды айтышты жана ар бир өлкөнүн өкүлдөрү үрп-адаттарын сахналаштырып берди дейт. Тарбиялык иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулду дейт группанын куратору Алтынай Сатыбалдиевна.