Илимий-илимий изилдөө практикасын жыйынтыктоо конференциясы

2024-жылдын 24-декабрь күнү Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун табигый-техникалык факультетинин, табигый-илимий билим берүү кафедрасында билим алып жаткан ТИББ(б) маг-1-23, ТИББ(х) маг-1-23 тайпаларында илимий-изилдөө практикасын жыйынтыктоо конференциясы уюштурулду.
Конференцияга ТИББ кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы, илимий практика жетекчилери жана карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы З.С.Калыбекова катышты. Конференциянын жүрүшүндө Зыяда Садыковна магистрлерге практиканын жүрүшү, практика учурунда илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү боюнча отчет берүүсүн айтты. Магистрантар практика учурунда илимий-изилдөө иштерин жүргүзгөндүгүн жана илимий темасынын үстүндө иштеп, илимий адабияттар менен таанышып, экиден илимий макалалары басмадан чыккандыгын жана магистрдик ишинин 45 ℅ы бүтүп, илимий ишинин үстүндө иштеп жатканы боюнча отчет беришти. Практика учурундагы күчтүү жана алсыз жактарын айтып, суроо жооп талкуу болуп конференция максатына жетти.