Бүгүнкү практикант эртенки келечек

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун үзгүлтүксүз билим берүү институтунун, табигый-илимий билим берүү кафедрасынын сырттан окуу бөлүмүндө билим алып жаткан Бс-1-20 жана Бс-2-20 тайпаларынын 10 жумалык кесиптик-профилдик практикасын жыйынтыктоочу конференциясы уюштурулду.
Конференцияга ТИББ кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы, о.э. карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысы З.С.Калыбекова катышты. Конференциянын жүрүшүндө Зыяда Садыковна практикантарга практиканын жүрүшү, жол карта, практика учурунда илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү боюнча кеңири маалымат берди. Практикантар өз кесиптери менен көп жылдардан бери иштеп келгенин жана практика жетекчилери А. Эгембердиева, А. Болотова жана Б. Жээнбековалардан методикалык жардам алып практиканы ийгиликтүү өтөгөнүн айтышты. Практика учурундагы күчтүү жана алсыз жактарын айтып, суроо жооп талкуу болуп конференция максатына жетти.