“Өз ден соолугум өз колумда”
2024-жылдын 4-декабрь күнү табигый-илимий билим берүү кафедрасында “1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү” күнүнө карата мадний иш чара болуп өттү.
Маданий иш чараны Х-1-23, Б-1-23 жана ТИББ-1-24 тайпасынын студенттери жана кураторлор х.и.к. Маматураимова Н. А., улук окутуучу Болотова А. С., улук окутуучу Сатканкулова М. Э. даярдашты. Иш-чараны факультеттин деканын окуу иштери боюнча орун басары А. З. Бакиров жана кафедра башчысы Б. Ж. Жээнбекова ачып берди. Иш-чаранын жүрүшүндө Б-1-23 тайпасынын студенттери А. Маликова жана Максатбек к Б. тарабынан СПИД жөнүндө презентация жасаkды. Ал эми Х-1-23 тайпасынын студенти Н. Кубанычов туура тамактануу боюнча доклад окуду. ТИББ-1-24 тайпасы СПИДди жуктуруунун жана андан сактануунун эрежелери туралуу сахналык көрүнуш көрсөтүп беришти. Иш чаранын аягында “Өмүр сакчысы болгон ак халатчандарга” арналган ырды катышуучулар хор ырдашып, кечээ өзгөчө шаңдуу маанайда өттү. Даталуу күндөргө арналган куратордук сааттар, тегерек стол, маданий иш-чаралар ушу менен эле токтоп калбастан мындан ары да уюштурулуп турмакчы.