1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Табигый-техникалык факультети
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

58

“Жаштардын бүгүнкү кадамы, эртенки келечеги”

2024-жылдын 2-декабрында илим айынын алкагында, буйрутманын негизинде табигый-техникалык факультетинин, табигый-илимий билим берүү кафедрасында «Климаттын өзгөрүшү» аталышындагы илимий- практикалык конференция болуп өттү.  

Мындай маалыматты атталган кафедранын башчысы а-ч.и.к., доцент Б.Жолболдуевна билдирди.

Анын айтымында ТИББ кафедрасында  биология, география жана химия адистигинин студенттери  билим алышат. Конференцияга биология, химия, электр менен камсыздоо  адистигинин студенттери, профессордук-окутуучулук курамы, Б.Осмонов атындагы  ЖАМУнун инновация жана илимий иштер  боюнча  проректору тех.и.к., доцент Сталбек Жеңишбекович, ТТФнын деканы тех.и.к., доцент Жакып Бакирович катышып куттуктоо сөзүн айтып, конференциянын жүрүшүнө ийгилик каалады. Конференцияда 4 илимий  баяндама окулду.  Баяндамачылар   Жалал-Абад облусунун гидрометеорологиялык борборунун директору У.М. Мамытов  Глобалдык климаттын өзгөрүшү деген темада илимий баяндама жасады.  о.э. ТИББ кафедрасынын улук  окутуучусу А.Ж. Молдомусаева -Климаттын өзгөрүшү жана анын себептери. ТИББ кафедрасынын Г-1-23  тайпсасынын студенти - М.У.Алимжанова - Климаттык өзгөрүлөрдүн мөңгүлөргө тийгизген  таасири. Г-1-23 тайпсасынын студенти -  Улугбекова М.У.-Климаттын өзгөрүшүнүн азык-түлүк коопсуздугуна  тийгизген таасири деген илимий баяндамалар жасалып, ТИББ кафедрасынын  улук окутуучусу Асем  Жолдошевна, окутуучу Анара Жеенмызаевна, Татыкулова Калара жана география адистигинин Г-1-23 тайпасынын студенттеринин  уюштуруусу менен  өткөрүлдү”- дейт  ал.

Осмонов атындагы  ЖАМУнун инновация жана илимий иштер  боюнча  проректору тех.и.к., доцент Сталбек Жеңишбекович «Климаттын өзгөрүшү» аталышындагы илимий- практикалык конференция максатына жеткендигин, илимий баяндмалар актуалдуу экенин белгилеп, илимий бандамларды ЖАМУнун жарчысынан чыгаруусун сунуштады.

ТТФнын деканы тех.и.к., доцент Жакып Бакирович конференияны уюштуруу тобуна терең ыраазчылык айтуу менен бүгүнкү өткөрүлгөн конференцияда студенттердин илимий баяндмалары актуалдуу болуп жана  активдүү катышканын белгилеп, конференция макстына жетип, жемиштүү болгондугун кошумчалады. ТИББ кафедрасынын доценти М.Нурманбаев климаттын өзгөрүшүнө жердеги динамикалык процесстер, күн радиациясынын интенсивдүүлүгүнүн өзгөрүшү сыяктуу тышкы таасирлер жана адамдын иш-аракеттери негизги себеп болорун белгилеп  жана конференияны уюштуруу тобуна терең ыраазчылык билдирди. ТИББ кафедрасынын доценти Осмонова Бактыгул "Парник эффектиси" менен шартталган глобалдык климаттын өзгөрүшү азыркы учурда маанилүү эл аралык жана саясий маселеге айланганына токтолуп, конференция максатына жеткендигин жана уюштуруу тобуна терең ыраазчылык билдирди.