Конференциядагы ийгиликтер
Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун табигый-илимий билим берүү кафедрасынын ТИББ(Б)маг-1-23 тайпасынын магистри Чоноева Назира ОшМУда болуп өткөн "Студент жана илимий- техникалык прогресс" аттуу ХI аймактык студенттик илимий конференцияда табигый жана техника илимдери секциясында “Үй шартында кызылгатты өстүрүү технологиясы” – деген темада илимий баяндама жасап 3-даражадагы диплом менен сыйланды. Илимий жетекчиси а-ч.и.к., доцент Б. Жээнбекова. Ушул эле секцияда кафедранын ТИББ(Х)маг-1-23 тайпасынын магистри Усенбай кызы Диёра “Ичилүүчү суунун курамындагы туздардын анализи” - деген темада илимий баяндама жасады. Илимий жетекчиси х.и.к., Маматураимова Н. А. Уюштуруу тобуна терен ыраазычылык.