Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун
табигый-техникалык факультетинин, табигый-илимий билим берүү кафедрасында "Бүгүнкү
студент, эртенки келечек" аталыштагы тарбиялык иш-чара болуп өттү. Иш-чарага кафедранын 2 курстарынын Б-1-23,
Х-1-23, Г-1-23 тайпаларынын студенттери жана студенттердин ата-энелери катышты.
Группаларга кураторлор улук окутуучу А. Молдомусаева, А. Болотова жана
х.и.к.,доцент Н. Маматураимовалар куратордук сааттарды уюштуруп, студентердин
жетиштүү жана катышуусу, 1-модулдун жыйынтыгы боюнча маалымат бергендигин кафедранын
тарбиялык иштери боюнча жооптуу К. Артыкбаева билдирди. Ошондой эле ТИББ кафедрасынын
кафедра башчысы доцент Бурулай Жолболдуевна студенттердин жетишүү, катышуусун
жана окуудагы ийгиликтерин айтып, ата-энелерге ыраазылык билдирди. Ата-энелер
балдары билим алып жаткан окуу жай жана окуу процессинтин жүрүшү боюнча
жакындан таанышып, суроо жооп талкуу болду. Келген коноктор кафедранын
профессордук-окутуучулук курамына ыраазычылык билдиришти дейт К. Артыкбаева.