Профессор Аманкулова Талчакан Кайыпжановнанын илимий окуу канаасы түзүлүдү
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун, Табигый-техникалык факультетинин, табигый-илимий билим берүү кафедрасында профессор Аманкулова Талчакан Кайыпжановнанын илимий окуу канаасы түзүлгөндүгү жөнүндө ТИББ кафедрасынын башчысы доцент Бурулай Жолболдуевна келген конокторго тааныштырды. Кафедранын профессору Т. Аманкулованын окуу канаасынын ачылышына Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун ректору, профессор Усенов Кенеш Жумабекович катышып, профессор Т. Аманкуловага бекем ден-соолук, илим жолундагы иштерине ийгилик каалады. Ошондой эле бул иш-чарага Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун профессордук-окутуучулук курамы жана ТТФнин кафедра башчылары катышты. Келген коноктор профессор Талчакан Кайыпжановнанын өмүр баянына жана басып өткөн эмгек жолуна токтолуп ийгилик каалашты. Бурулай Жолболдуевна кафедранын профессор Т. Аманкулова окуу канаасына илимий 250дөн ашык окуу китептерин калтыргандыгын белгилеп, профессор Т. Аманкуловага бекем ден-соолук илим жолунда көп ийгиликтерди каалады. Китептер негизинен кыргыз жана орус тилдеринде жазылган, басымдуу бөлүгү кыргыз тилинде жазылган китептер. Алардын арасында атайын адистиктер үчүн жазылган окуу китептери, методикалык кодонмолор жана адабий чыгармалар бар. Китептердин көпчүлүгү Т. Аманкулованын “Биология” адистиктери үчүн жазган автордук илимий китептери. Бул окуу канаанын ачылышы Кыргыз тилинин өнүгүүсүнө жана студенттерге билим алууда бир канча жеңилдиктерди түзүп алардын окууга болгон кызыгуусун арттырып ар тараптан өнүгүүсүнө салым кошмокчу.