1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Табигый-техникалык факультети
  4. Табигый-илимий билим берүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

35

Тилдин үч айлыгын улантуу

Кыргыз тили күнүнүн үч айлыгынын алкагында Табигый-илимий билим берүү кафедрасынын Б-1-23 тайпасына куратор Болотова Алтынай Сатыбалдыевна “Эне тилим, эне сүтүм” аталышындагы куратордук саат өттү.

Куратордук сааттын жүрүшүндө студенттерге тилдини улуулугу жана баалулуктары жөнүндө маалымат берилди. Тилдин азыркы көйгөйлөрү ортого салынып студенттер арасында талкуу жүргүзүлдү. Мындан сырткары студенттер тарабынан көркөм ырлар окулуп, макал-лакаптар айтылды. “Эне тилин билүү – инсандын мекенге жана улутка болгон сүйүүсүн белгилеп турмакчы. Кыргыз тилинде сүйлөө ар бир кыргыз жаранын милдети жана тилдин баалуулуктарын, маани маңызын азыркы жаштарга жеткирип туруубуз керек. Биздин тайпада мындай куратордук сааттар ар дайым уюштурулуп турмакчы”- дейт куратор Болотова А. С.