Практикага жөнөтүү
11-октябрь күнү Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун табигый-техникалык факультетинин, табигый-илимий билим берүү кафедрасынын 4-курстары Х-1-21 жана Г-1-21 тайпаларын профессионалдык-профилдик 10 жумалык практикага жөнөтүү конференциясы болуп өттү. Конференцияга карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн адиси Н. С. Жолдошалиева жана кафедранын профессордук-окутуучулук курамы, студенттер катышты. Конференция учурунда студенттерге практиканын максаты, милдеттери жана жол картасы тааныштырылып, студенттер практика боюнча суроолоруна жоопторду алышты.
Практика учурунда ар бир студентке жетекчилер тарабынан ар кандай илимий-методикалык жардамдар берилип тураарын окутуучулар айтып өтүштү.