"Бүгүнкү биздин аракет-эртеңки жаркын келечек"

2024-жылдын 19-апрелинде Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун табигый-техникалык факультетинин табигый илимий билим берүү кафедрасында факультеттик деңгээлде иш берүүчү, бүтүрүүчү жана ата-энелердин катышуусунда "Бүгүнкү биздин аракет-эртеңки жаркын келечек" аталыштагы конференция уюштурулду дейт а-ч.и.к., доцент, ТИББ кафедрасынын башчысы Бурулай Жолболдуевна .
Конференцияга Ноокен районунун мектеринен 40 иш берүүчү жана Жалал-Абад шаарындагы орто мектептерден да иш берүүчүлөр, бүтүрүүчүлөр ата-энелер катышты жлпы 68 катышуу катышты. Конокторго экскурсия (кафедранын илимий лабораториялары жана музейлер менен таанышуу) уюштурулду. Ошондой эле ТИББ кафедрасынын профессордук-окутуучулук тарабынан баяндамалар окулду.
ТИББ кафедрасынын башчысы а-ч.и.к., доцент Б.Ж. Жээнбекова “ТИББ кафедрасынын учурдагы окуу, окуу-усулдук, илимий жана коомдук- тарбиялык иштери боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери” боюнча маалымат берилди.
Эгембердиева А.Д. - б.и.к., доцент: “Негизги билим берүү программасы жана тандоо курстары” боюнча маалымат берди.
Шамиев Ж.Б. - тех.и.к., доцент, ТТФнын деканы: “2024-2025-окуу жылына карата профориентация иштеринин жүрүшү” боюнча маалымат берилди жана буклеттер таркатылды. Конференциянын экинчи бөлүгү базда келген коноктордун куттуктоолору менен уланып, Ноокен районун билим берүү бөлүмүнүн адиси Н.М. Рахматова-ТИББ кафедрасына ыраазычылык айтуу менен кафедрага ыраазычылык кат тапшырылды. Ал эми
С.Ногоев жалпы били берүү орто мектебинин табигый илимдер усулдук бирикменин жетекчиси А.О.Рахманова жана Жалал-Абад шаарындагы №19 мектебинин биология мугалими, Н.С. Кулова о.э. №46 Барпы Алыкулов атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин география мугалими Ажибаев Э.М.–ыраазычылык билдирүү менен ыраазычылык каттарын кафедрага тапшырышты. Кафедранын атынан ыраазычылык каттар тапшырылып концерттик программа тартууланды дейт.
Конференция максатына жетти себеби келген иш берүүчүлөр, бүтүрүүчүлөр ата-энелер жогорку деңгээлде уюштурулду, көбүрөөк ушундай конференция уюштуруунун сунушташты дейт улук окутуучу А.С.Болотова.