Энергетиктердин квалификациялык иш алдындагы практикасынын отчетторун кабыл алуу конференциясы
Электроэнергетика жана электротехника багытынын электр менен камсыздоо, электроэнергетикалык системалар жана түйүндөрү профилдери боюнча бүтүрүүчү курстары 12-февралдан 14-мартка чейинки беш жумалык практикасы бүткөндүгүнө байланыштуу отчетторун кабыл алуу конференциясы уюштурулду.
Конференцияга карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн жетекчиси Зияда Садыковна, кафедранын башчысы, практиканын жетекчилери жана студенттер катышып, практиканттар тарабынан даярдалган баяндамалар угулду.
Студентердин отчеттору даярдалышы, мазмуну, илимий иштери, берилген жол картадагы материалдарды өздөштүрүүлөрү, отчеттуулукту баалоо критерийлери жана өндүрүш жетекчилеринин берген мүнөздөмөлөрүнүн негизинде бааланды. Ошол эле кезекте практиканттар тарабынан практиканын жүрүшү, жол картага байланышкан айрым сунуш ой пикирлер айтылды.
Студенттер тарабынан айтылган сунуш ой пикирлерди эмки практикаларды уюштурууда жана жол картага өзгөртүүлөрдү киргизүү менен колго алынаары белгиленди.