1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Табигый-техникалык факультети
  4. Жаңылыктар

9 месяцев назад

120

Аккредитациядан өткөрүү

      Билим-Стандарт көз карандысыз аккредитациялоо агенттиги тарабынан 2024-жылдын  18-19- мартында 640200 Электроэнергетика жана электротехника багыты боюнча аккредитациядан өттү. Аталган агенттиктин эксперти т.и.к. доцент Караева Нурзат тарабынан 7 стандарт боюнча тиешелүү иш кагаздары текшерилип,кафедранын материалдык- техникалык  жана практиканын базаларын  текшерип, андан сырткары жадыбал боюнча кафедрада өтүлүп жаткан сабактарга катышты.Иш берүүчүлөр жана  бүтүрүүчүлөр менен жолугушуулар болуп өттү.

НББП түзүүдө, тандоо курстарын аныктоодо иш берүүчүлөр менен кафедранын ортосунда тыгыз байлныш бар экендиги далилденди жана  ЖАЭТ ишканасында иштеген кызматкерлердин 60 пайызын биздин бүтрүүүчүлөр түзөөрү айтылды.

  Ошонун негизинде 30.03.2024-ж Билим-Стандарт көз карандысыз агентигинин отурумунда  640200 Электроэнергетика жана электротехника  багыты 5 жылга аккредитациядан өткөндүгү боюнча  маалым болду.