“Карысы бардын ырысы бар”
Табигый-техникалык факультетинин профессордук окутуучулук курамы жана Х-1-22 тайпсынын студенттери Жалал-Абад шаардык мэриясынын 2024-жылдын 28-февралындагы №53-б “Социалдык адилеттүүлүктүн бир айлыгын өткөрүү жөнүндөгү” буйругуна ылайык, жалгыз бой улгайган жарандарга ар тараптуу колдоо көрсөтүү үчүн Жалал -Абад шаарынын Т-Молдо 70/11 дарегинин жашоочусу Курбанбаева Кундузкандан кабар алып келишти. Аталган жаранды ыйык рамазан айы менен куттуктап, азык-түлүк жана акчалай материалдык жардам көрсөтүштү. Ал эми карыябыз окуу жайдын жетекчилигине, жамаатка ыраазычылыгын билдирип, ак батасын берди.