“23-ФЕВРАЛЬ АТА-МЕКЕНДИ КОРГООЧУЛАРДЫН КҮНҮ”
2024-жылдын 22-февраль күнү АТФнын спорт залында, “23-февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө” карата, табигый-техникалык факультеттинин студенттери жана профессордук-окутуучулук курам арасында атайын спорттук мелдеш уюштурулду. Мелдеш спорттун волейбол түрүнөн болду.. Мелдеш жалаң эркектер арасында уюштурулган, жалпысынан 8 команда катышып төмөндөгүдөй орундарга ээ болушту жана дипломдор менен сыйланышты:
I орун ППС;
II орун В-1-22 тайпасы;
III орун ЭЭСС-1-20 тайпасы.
Мелдешти уюштруу тобу жана демилгечилер факультеттин деканы, декандын тарбия иштери боюнча орун басары жана дене-тарбия кафедрасыны окутуучулары Студенттердин окууга болгон кызыгууларын өркүндөтүү жана алардын достугун бекемдөө максатында мындай спорттук мелдештер байма-бай уюштурулуп турмакчы.