1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Табигый-техникалык факультети
  4. Жаңылыктар

1 месяц назад

26

Балдар биздин келечек

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын буйругунун негизинде 1-июнь Балдарды коргоо күнүнө карата 2025-жылдын 30-май күнү “Бакыт балдар реаблитациялык борборунда” уюштурулган иш-чарага Табигый-техникалык факультетинин жамааты активдүү катышып келишти. Факультеттин жалпы профессордук-окутуучулук курамы балдарга материалдык жана моралдык жардам көрсөтүштү. Иш-чаранын жүрүшүнө облустун ыйгарым укуктуу өкүлүү  Т. К. Текебаев жана Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңишинин төрагасы Т. О. Турдубеков катышты. Борбордо тарбияланып жаткан балдар өз өнөрлөрүн көрсөтүп чакан концерттик программа тартуулап, келген коноктордун маанайын көтөрүштү. Факультеттин жамааты тарабынан мындай иш-чараларга катышуу байма-бай уюштурулуп турмакчы.